Жаңылыктар
Мөндүрдөн Тоң районунун айыл чарба аянттары жабыр тартты
Өзгөчө кырдаал
Мөндүрдөн Тоң районунун айыл чарба аянттары жабыр тартты

Август айынын 21-23-август күндөрү катуу жааган мөндүрдөн Тоң районундагы  айыл чарба аянттары жабыр тартты. Табигаттын кесепети райондун 253 гектар аянтындагы дан эгиндерине залакасын тийгизди. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда болжолдуу чыгым 2 миллион 527 миң 766 сомду түздү. 

Райондогу Көл-Төр  айыл аймагына мөндүр экинчи ирет катуу жааганда андагы эгин талаалары  толук бойдон пайдалануудан чыгып калганын аталган айыл аймагынын башчысы  Кубанычбек Азизов маалымдады. Айрыкча Тогуз-Булак айылы табигый кырсыктан катуу жабыр тартканына токтолду. 

Азыркы учурда атайын түзүлгөн комиссия курамы Тоң районундагы орун алган табигый кырсыктын кесепети келтирген зыяндын көлөмүн тактоо иштерин улантууда.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"