Жаңылыктар
Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт
Спорт
Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

2-3-октябрда Бишкек шаарындагы "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Чемпионат 2-октябрда саат 10:00дө ачылып, мелдешке 50дөн ашык спортчу катышат. 10 жаштан улуу балдарга, жаштарга жана чоңдорго катышууга уруксат берилет.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын ат спорту федерациясы уюштурууда. Иш-чара биздин өлкөдө ат спортун популяризациялоо жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.