Жаңылыктар
Испаниянын Пальма аралында жанар тоо атылып, зыяндын суммасы 400 млн еврого бааланды
Дүйнө
Испаниянын Пальма аралында жанар тоо атылып, зыяндын суммасы 400 млн еврого бааланды

Испаниянын Пальма аралындагы жанар тоонун атылышынан келтирилген зыяндын суммасы 400 миллион еврого бааланууда. 

19-сентябрда ойгонгон Кумбре-Вьеха жүздөгөн турак үйлөрдү, имараттарды жана банан плантацияларын талкалады. Маалыматарга ылайык, ысык лава Пальманын жээгине чейин жетип калды. Адистер ысык вулкандын туздуу суу менен тийиши жарылууларга жана зыяндуу газдардын чыгышына алып келерин эскертишүүдө. 

Ошондой эле жээктин айрым бөлүктөрүнүн океанга кулап кетүү коркунучу турат. Буга байланыштуу жээктеги айылдардын тургундары коопсуз жерлерге жөнөтүлдү. Өз убагында алты миңден ашуун киши эвакуацияланып, табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон жана оор жаракат алгандар катталган жок.