Жаңылыктар
Карыларды камкордукка алуу саясаты
Кыргызстан жаңылыктары
Карыларды камкордукка алуу саясаты

Кыргызстанда пенсия жашындагыларды, анын ичинен кары картаңдарды камкордукка алуу боюнча бир нече программалар иштейт. Маселен аларды пенсия жана жөлөк пул менен камсыз кылуу мыйзам менен белгиленген. 

Алсак, бүгүн, 1-октябрдан тарта өлкөдө пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү орточо 500 сомго көбөйтүлдү. Мындан сырткары карылардын коопсуз, бакубат жашоосуна өзгөчө көңүл бурууга далалат жасалып жатат. 

Кыргызстанда аялдар 58 ал эми эркекте 63 жашта пенсияга чыгат. Бирок, Бириккен Улуттар Уюмунун классификациясына ылайык, карылар категориясына 65 жаштан жогору жарандар кирет. Андыктан, эл аралык балоо тутумун эске алганда, Кыргызстан жарандарынын курагы боюнча жаш өлкөлөрдүн катарына кирет.

Өлкөдө кары картаңдарды камкордукка алуу бир нече программалар аркылуу ишке ашырылат. Маселен, аларды пенсия жана жөлөк пул менен камсыздоо мыйзам менен белгиленген. Азыркы учурда өлкө аймагында 710 миңден ашык пенсионер бар. Мыйзамда каралган нормага ылайык, быйыл дагы 1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексацияланып, анын негизинде пенсиянын көлөмү орточо 500 сомго жогорулады.