Жаңылыктар
Адвокаттардын кол тийбестиги маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Адвокаттардын кол тийбестиги маанилүү

Учурда өлкөнүн адвокатурасы олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Бул институттун ишин жакшыртууга бир нече көйгөйлөр тоскоол болууда. Алгач жактоочулардын кол тийбестигин камсыз кылуу, алардын сый акыларын көбөйтүү, адвокат катарында эле эмес, сот, укук коргоо, көзөлдөөчү органдардагы коррупцияны жоюу зарылдыгы бар. Президент Садыр Жапаров дагы жактоочулардын съездинде бул көйгөйлөрго токтолуп, адвокаттардын кол тийбестиги маанилүү экенин белгиледи.

Мыйзамдуулук принцибин бузуу, кесипкөйлүктүн, калыстыктын жоктугу - бул жактоочулар өздөрүнө такыр жолотпой турган сапаттар. Ошол эле учурда алардын кол тийбестигин, көз карандысыздыгын камсыз кылуу маанилүү. Себеби бул алардын сапаттуу иштешине кепилдик берет.

Укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштөөсү үчүн адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы керек. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш. Ошондой эле алар өздөрүнүн кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзамдар аркылуу жана иш жүзүндө корголушу шарт. Муну Президент адвокаттардын съездинде баса белгиледи.