Жаңылыктар
Дыйкандар жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөөнү жоюну талап кылышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкандар жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөөнү жоюну талап кылышууда

Жүгөрү өндүрүүчүлөр түшүмдү сыртка сатууга уруксат берилбесе продукция чирип кетет деп кооптонот. Ал эми Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тоют тартыштыгы жаралбашы үчүн азырынча чектөөнү жоюудан карманып турат.

Элүү гектар жерге жүгөрү өстүргөн Динислам Жуматай уулу быйыл дыйканчылыкта көйгөйлөр жаралганын айтууда. Айыл чарба техникалары менен күйүүчү майдын кымбатташы чыгымды көбөйтүп, ал эми суу тартыштыгы түшүмдү азайтты. Эми жүгөрүнү сатып ала тургандардын аздыгы да маселе жаратып жатат.

Былтыр жүгөрү экспорттоого тыюу салынган продукциялардын катарына кирген. Дыйкандар сатып алуучулардын азайганын да дал ушул жагдайга байланыштырып жатышат. Жүгөрү өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси чектөөнү алып салуу зарыл экенин айтууда. Дыйкандар өлкөдө даярдалган продукциянын жарымынан азы гана ички керектөөнү камсыз кылаарын белгилеп, калган бөлүгүн кайда сатабыз деп суроо коюшту.