Жаңылыктар
Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу жүрдү

Бүгүн Бишкекте Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча тегерек үстөл уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер, президенттик аппараттын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү ар тараптан талкууга алуу болду. 

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленгенден бери мындай ыраатта жолугушуу уюштурула элек болчу. Талкууга көп сандаган жарандык коомдун өкүлдөрү, парламент депутаттары, эксперттер жана президенттик аппаратын жетекчилери катышты. 

Конституциялык реформанын демилгечилери баш мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы эчак эле пайда болгон деп эсептешет, айтымдарында өзгөртүү, толуктоолор мамлекетти бекемдөөгө багытталган.

Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар Конституцияны өзгөртүү азыр эртелик кыларын айтып, андагы айрым сунуштар менен макул эместери да бар. 

Бирок азыркы Конституциянын атасы аталган жана өзгөртүүлөргө каршы чыгып жаткан Өмүрбек Текебаев, 2020-жылга чейин баш мыйзамды оңдоого мыйзамдар менен тыюу салынбаганын моюнга алат. Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов баш мыйзамды өзгөртүү маселеси 6 жылдан бери бышып жетилгенин, чечим убагында кабыл алынганын билдирди.

Демилгечилер өзгөртүүлөргө карата айтылып жаткан айрым сындар менен макул. Баш мыйзамдагы сунушталган кээ бир беренелерди чынында иштеп чыгуу керек. 

Укук коргоочулар болсо бүгүнкү талкууда кайрадан эле баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн эрежелери боюнча сөз козгошту.