Жаңылыктар
Эл өкүлдөрү эл менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Эл өкүлдөрү эл менен жолукту

Ноокат районунда социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү, өкмөт мүчүлөрүнүн катышуусу астында эл менен жолугушуу өткөрдү. Мында эл өкүлдөрү берилген убадалардын аткарылышы жана чечүүнү талап кылган маселелерге көңүл бурушту.

Ноокаттын маданият үйү элге жык толду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тарта, ар бир айылдын өкүлдөрү келишкен. Шайлангандарына 11 айдын жүзү болгон депуттар буга чейин эл менен жекече жолугушуу өткөрсө, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда биринчи ирет өтүшү. 

Жолугушуу суроо-жооп түрүндө өттү. Эң ириде 15 миңден ашык калкы бар Ноокат шаарында саркынды суу маселеси көтөрүлдү. 

Жери тар, эли көп шаар тургундары бул маселени бир канча жылдан бери көтөрүп келет.Маселеден эл өкүлдөрүнүн кабар бар, эми аны чечүү жагы каралууда.

Район аймагында да маселе көп. Элдин көпчүлүгү социялдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнө даттанышты. Тоолуу аймакта жашагандар кайрак жер иштетип, түшүм болобу жокпу, сулуу жердегилер менен бирдей төлөм киргизилгенине нааразы. 

Мындан тышкары айылдарда жол, таза суу көйгөйү күч. Элдин айтымында учурда агартуу тармагында гана бир аз көңүл жылытаарлык иштер аткарылууда.