Жаңылыктар
“Сосновка” көзөмөлдө жайында Салык кызматынын тейлөө борбору ачылды
Чек ара
“Сосновка” көзөмөлдө жайында Салык кызматынын тейлөө борбору ачылды

“Сосновка” көзөмөлдөп өткөрүү жайында Салык кызматынын сервистик тейлөө борбору ачылды. Мындан ары ал жерден айдоочулар менен жүргүнчүлөр салыкка байланышкан кагаз иштерин бүтүрүп алса болот. Мындан тышкары сервистик борбор “Сосновкага” жакын жердеги айылдардын элин да тейлейт.

Сервистик борборду Сосновкага жайгаштыруу зарылчылыгы бекеринен чыккан жок. Күн сайын бери дегенде жүк ташуучу 500 унаа өткөн көзөмөл жайында, көпчүлүгүнүн патентинде мандем бар болуп чыккан. Шылтоолору ар кандай. Мындан улам, жүк ташуучуларды убара кылбай, алчу салыкты ушул жерден эле төлөтүп алган туура болуп турат. 

Борбор заманбап үлгүдө иш алып барат. Сапаттуу тейлөө максатында бирдиктүү терезе ачылган, аткарылган жумуштар он-лайн түрүндө жүргүзүлөт. 

Мында ар адам кайда жашап, кайсы жерде иш жүргүзгөнүнө карабастан тогуз жолдун тоомундагы салык борборуна токтой калып, үй, унаа, жер же башка салык түрлөрүнө байланышкан жумуштарын бүтүрүп алса болот. 

Баарынын да ушул тегеректе отурукташкан элге жакшы болду. Анткени алар буга чейин салык төлөш үчүн 25-30 чакырым алыс жол басып, убара тартчу экен. 

Белгилей кетсек, Сосновка көзөмөлдөө пункту аркылуу өлкөнүн төрт облусуна каттамдар өтөт. Демек жүргүнчүлөр оңой сан эмес. Эгер салык төлөө боюнча кезек күтүүлөр жаралса, сервистик борборду кеңейтүү иштери да каралышы мүмкүн.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118