Жаңылыктар
Грэпплинг боюнча чемпионат
Спорт
Грэпплинг боюнча чемпионат

15 жаштагы Муслим мындай ири мелдешке алгачкы жолу катышууда. Грэпплинг же күрөш өнөрүнүн бул түрү "жердеги күрөш" деп аталып, эң эффективдүү ыкмаларды камтыганы өспүрүмдүн көңүлүн бурган. Ал машыгууну 6 ай мурда баштап, бүгүнкү мелдештеги биринчи кармашында атаандашын жеңип алды.

Өлкөдө күрөштүн бул түрү жаңы тарай баштады. Грэпплинг - спорттун татаал түрүнө кирип, көрүүчүнүн да бүйүрүн кызытат.

Спортчулардын айтымында грэпплинг бир канча спорттун түрү- жапон күрөш өнөрү болгон дзюдо, самбо, эркин жана грек-рим күрөшү менен бразилиялык джиу-житсуну камтыйт. Өлкөдө спорттун бул түрүнө кызыккандар арбыды. Кыргызстандын бул жолку чемпионатында республиканын булуң-бурчунан 500дөн ашык катышуучу келген.

Грэпплинг - азырынча спорттун Олимпиадалык түрүнө кире элек. Эгерде бул спорт дүйнөдө динамикалуу жайыла баштаса, Кыргызстан грэпплинг боюнча Олимпиадада мөрөй талаша алат. Чемпионат - пандемия маалында өз жанын тобокелге салып, бейтаптар үчүн күрөшкөн дарыгерлердин урматына арналат. Сыйлыкта жарандарды камкордукка алган дарыгердин сөлөкөтү түшүрүлгөн.

Өлкө биринчилигинин жеңүүчүлөрү улуттук курамга өтүп, курамага кирген спортчулар өлкө намысын дүйнө биринчилигинде коргойт. Айта кетсек, грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты октябрь айынын аягында Сербияда болот. 2019-жылы өткөн чемпионатта Кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев дүйнө чемпиона болгон. Мындан сырткары биздин спортчулар 7 коло байге уткан.