Жаңылыктар
Кытайдын маданият жана кызматташтык кербени Кыргызстанга келди
Маданият
Кытайдын маданият жана кызматташтык кербени Кыргызстанга келди

Кытайдын маданият жана кызматташтык кербени Кыргызстанга жетти. Мындан эки жыл мурда Пекинден сапарга чыккан кербен Чүй облусуна жетип, эми Ош жана Баткенге чейин бармакчы. Ошондой эле, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышат. Алыс сапарга чыккан кербендин максаты кандай?

Кытайдын маданият жана кызматташтык кербени Чүй облусунун Ленин айылына жетти. Келген конокторду кыргыз салты менен тосуп алышты. 

Кербендин узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Анын курамында чыгармачыл топтор, автоунаа жана атайын техника, алачык лагери, талаа ашканасы, 54 төө жана арабалуу 10 ат болот. Кербен азырынча эс алууда болгондуктан, бул көрүнүш чыныгы жүрүш эмес. 

Ат, төө минген Кытай кербенчилери Кыргызстанды аралайт. Кербендин жүрө турган жолу 355 чакырымды түзөт. Ал августтан тартып сентябрь айына чейин уланат. Катышуучулар экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышмакчы. Кербендин дагы бир максаты Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилени чыңдоо. 

Маданият жана кызматташтык кербени Кыргызстандын аймагын аралап, Ош шаарында сапарын карытат. Андан аркы план боюнча бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө аралап отуруп, 2019-жылы Италиянын Рим шаарына чейин барып токтойт. Кербендин эң башкы максаты - Улуу Жибек Жолун толугу менен басып өтүү.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118