Жаңылыктар
"Акыркы көч" көркөм тасмасы кезектеги сыйлыгын алды
Маданият
"Акыркы көч" көркөм тасмасы кезектеги сыйлыгын алды

Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" көркөм тасмасы Россияда өткөн "Киношок" XX кинофестивалында "Толук кандуу тасмадагы мыкты музыка" сыйлыгын алды. Бул тууралуу режиссер Дастан Жапар уулу Facebook баракчасы аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, иш-чара 25-сентябрдан 2-октябрга чейин Анапа шаарында болгон. "Киношок" — мурдагы советтик өлкөлөрдүн кинематографтарынын башын бириктирген жалгыз фестиваль.