Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды
Спорт
Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды. Чүчү кулактын жыйынтыгын Бириккен күрөш дүйнөсү уюму расмий сайтына чыгарды. 

Тыныбекова турнирдин жарым чейрек финалында күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен кармашат. Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы 5-октябрда, Мээрим Жуманазарова 6-октябрда күрөшөт.

Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган. 4-октябрда кыз-келиндер бөлүгүндө 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышат. Турнир 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.