Жаңылыктар
Миландагы учак кырсыгынан аман калгандар жок
Дүйнө
Миландагы учак кырсыгынан аман калгандар жок

Миланда учак кырсыгынан сегиз адам каза болду. Маалыматка ылайык, чакан жеке учак - кеңсе жана унаа токтотуучу жай катары оңдоп-түзөө үчүн жабылган имараттын фасадына кулап түшкөн. 

Каргашалуу окуя Миландын түштүк-чыгышындагы Сан Донато метросунун жанында болгон. Кырсык болгон жерде өрт чыкты. Такталган маалыматка караганда, учак Милан Линате аэропортунан учуп, Сардиниянын Олбио шаарына багыт алган. Бортто эки учкуч жана алты жүргүнчү болгон, анын бирөө жаш бала экени такталды. Улуттук авиациялык коопсуздук агенттиги кырсыктын чоо-жайын иликтөөгө киришти.