Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алгачкы атаандаштарын утушту
Спорт
Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алгачкы атаандаштарын утушту

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алгачкы атаандаштарын утушту. 

Кыз-келиндер арасында Тыныбекова 62 килограмм салмакта Нонока Озакини 6:4 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү. Ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта килемге чыгып, шри-ланкалык балбанды 10:0 эсеби менен утуп алды. 

Ал сегизден бир финалдык беттеште армениялык Арман Андреаян менен күч сынашат. Балбандардын дагы бири Алибек Осмонов коло байге үчүн күрөшмөй болду. Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигине Кыргызстандан 15 спортчу катышууда.