Жаңылыктар
Facebook, Instagram жана WhatsApp бир нече саатка иштебей калуу себеби айтылды
Дүйнө
Facebook, Instagram жана WhatsApp бир нече саатка иштебей калуу себеби айтылды

Facebook тармагынын иштебей калышы таратуучу багыттын тутумунун бузулушунан улам болгон. Бул тууралуу компаниянын инженерлери билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салышына жооп берген магистралдык багыттын тутумунун өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жаратты. Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди. Ошентип биздин кызмат иштебей калды", — деп айтылган Facebook инженерлеринин билдирүүсүндө. 

Муну менен катар эле Facebook кечээки учур Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзбөгөндүгүн айтты. Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сураган. 

"Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger кайрадан иштеп баштады. Алардын жеткиликсиз болуп калганы үчүн кечирим сурайм. Жакындарыңыз менен байланышта болуу үчүн биздин кызматты ишенип колдоно турганыңыздарды билем", — деп жазды Цукерберг өзүнүн баракчасына.

Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калган. Бул Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп кетти. Ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.