Жаңылыктар
Жер титирөө курмандыктарынын саны өсүүдө
Дүйнө
Жер титирөө курмандыктарынын саны өсүүдө

Италияда болуп өткөн зилзаладан каза тапкандардын саны 159га жетти. Дагы 368 адам жаракат алган. Италия бийлиги бул сандар акыркы маалымат эместигин билдирди. Урандылардын алдында калган дагы кишилер болушу мүмкүн.

Эске салсак, 24-август күнү таңга жуук Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары кыйроого учураган. Аматриче шаарынын жарымы кыйрап калган.