Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Спорт
Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынын сайтында айтылат. 

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек жарым финалында, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алган. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюктук 5:2 эсебинде жеңди. Тыныбекова финалда америкалык Кайла Коллинге каршы чыгат.

Ал эми Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды. Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды. Кийинки чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти. 

Ал эми финалга чыгуучу күрөштө кыргыз балбаны россиялык Евгений Жербаев менен күч сынашып, 9:5 эсебинде алдыга чыкты. Алтын үчүн күрөштө Акматалиев польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кармашат. Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.