Жаңылыктар
Мугалим - Сыймыктуу кесип
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалим - Сыймыктуу кесип

Мугалим - кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Агартуучулардын кесиптик майрамына карата Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде өлкөнүн жети дубанынан келген мугалимдерди сыйлоо аземи өттү. Анда 30 жылдан ашуун убакыттан бери жаратмандык жана атуулдук бийик дарамет менен эмгектенип келе жаткан 66 мугалимге улуу жазуучунун атындагы эл аралык фонддун ыраазычылык каты тапшырылды.