Жаңылыктар
Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берилди

Президент Садыр Жапаров октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү менен жолукту. Садыр Жапаров жаш жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи. Ал Үмүтбектин атасына Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров былтыр октябрь окуялары учурунда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолукту. Жолугушуу алдында өлкө башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап куран окуду.