Бүгүнкү күндө билим берүү кызматкерлерин колдоо өлкөнүн негизги артыкчылыктуу багыты. Себеби билимдин аркасы менен гана эл аралык аренада атаандаштыкка туруштук берүүгө мүмкүн. Мугалимдер ошол илим-билимдин жогорку деңгээлине жетишкен коомдун түптөлүшүнө зор салым кошуп келишет. Ошондуктан билим берүү кызматкерлеринин кадырын, адистик сапатын көтөрүү үчүн татыктуу кам көрүү аракети колго алынууда.