Эми жактоочулар соттук отурумдарда жарандардын укуктарын атайын форма кийип коргошот. Так ушул жактоочулар кийип отурган мантиянын үлгүсү Адвокатуранын адвокаттар кеңешинин жыйынында бекитилди.
Адвокаттар кеңешинин жаңы курамы 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү стратегиялык планын бекиткени турат. Ал адвокатуранын институционалдык бутуна туруусуна, ишмердүүлүктү жакшыртууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталмакчы. Белгилей кетсек, кеңеш тогуз кишиден турат. Жыйында 30-сентябрда алардын курамын тандоодо чыккан жаңжал боюнча дагы түшүндүрмө беришти.