Жаңылыктар
Соцтармактардын иштебей калуу себеби
Кыргызстан жаңылыктары
Соцтармактардын иштебей калуу себеби

Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, жети саатка чейин иштебей калды. Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп, компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.