Дүйнөлүк базарда мунайдын наркынын жогорулашы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы бааларга да таасирин тийгизип жатат. Коңшу өлкөлөрдө күйүүчү май таңсыктыгы көйгөй жаратууда. Ал эми Кыргызстанда мындай жагдай жаралбайт, дейт нефтетрейдерлер. Баалар кымбаттаганы менен импортко көз каранды мамлекеттердин арасынан эң төмөн баа Кыргызстанда болууда.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар дээрлик 60 пайызга кымбаттады жана ал бир нече себептерге байланыштуу.
Дүйнөлүк базарда мунайдын бир баррели 40 доллардан 80 долларга чейин, эки эсе өсүп кетти. Буга катар Борбор Азияга багытталган россиялык эки заводдогу оңдоо иштери абалды дагы да ырбатууда. Казакстан болсо быйыл Орусиядан 150 миң тонна дизель сатып алууга ниеттенүүдө. Мына ушул жагдайлар жергиликтүү мунай базарынын бааларына терс таасирин тийгизүүдө.