Жаңылыктар
Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы белгиленди. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн иш-чарага акындар менен жазуучулар баштаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты. 

Мындай канаттуу саптарды деңгээли бийик,сөздү аздектеген,ой көрөңгөсү күчтүү гана акындар жаза алат. Ырды уйкаштыруу оңой, а бирок сөзгө жан киргизип, аны ай-ааламга чабыттаттыруу Суйунбай Эралиев сыяктуу көкүрөгү таза чыгаан акындардын гана колунан келет. Анын "Ак Мөөр", "Жылдыздарга саякат", " Ак жыттар "сыяктуу көөнөрбос мыкты поэмалары уюткулуу улуу элинин эсинде.