Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшкөн. Биринчи бөлүктө атаандашы анча ойнобогону үчүн бир упай алган. Экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан кыз дагы жанданып улам-улам ыкма жасап жатты. Натыйжада 7:0 эсеби менен жеңип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген жок.

Айсулуу турнирдин чейрек жарым финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде, кийин Беларустун спортчусу Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Ал эми украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 упай айырмасында жеңип, финалга чыккан. Айсулуу Тыныбекова ушуну менен экинчи ирет дүйнө чемпиондугун багындырды. 

Ал 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатынан да алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. Спорттук күрөштүн грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.