Жаңылыктар
Балбан Эрназар Акматалиев күмүш медаль алды
Спорт
Балбан Эрназар Акматалиев күмүш медаль алды

Балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында польшалык Магомедмурат Гаджиевге жеңилип калды. 

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ыкма жасай алган жок. Бирок Акматалиев бир упай алды. Ал эми экинчи бөлүктө каршылашына бир упай берилди. Андан соң Гаджиев кыргызстандык балбанды тегерек чийинден сүрүп чыгып, дагы бир упай алды. 

Натыйжада 2:1 эсеби менен Гаджиев утуп кетти. Бирок ошого карабай Эрназар Акматалиев жаңы тарых жаратты. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байгеге ээ болгон алгачкы балбан болуп калды.