Жаңылыктар
Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт
Спорт
Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. 

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяеге 3:3 эсебинде жеңилди. Беттештин 1-айлампасына эки балбан упай ала алган жок. 2-айлампада экөөнө тең пассивдүү аракети үчүн эскертүү берилип, бирден упай эсептерине жазылды. Андан соң Айпери эки упайлык ыкма жасады. 

Таймаштын бүтөрүнө 20 секунд калганда эстониялык балбан кыз жеңишке жетти. Айпери Медет кызы 6-октябрда коло байге үчүн беттешет. Атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Жарым финалга чейин Медет кызы эки беттеш өткөргөн. Аны 10:0 эсебинде уткан.