Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы беттешине чыгат
Спорт
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы беттешине чыгат

Балбан кыз, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. 

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында айтылгандай, ал түштүк кореялык Минджи Ха менен кез келет. Бүгүн дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат. Спорттук күрөштүн грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. 

Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.