Жаңылыктар
Омандагы "Шахин" бороону адам өмүрлөрүн алды
Дүйнө
Омандагы "Шахин" бороону адам өмүрлөрүн алды

Омандагы "Шахин" бороонунун кесепетинен үч адам, анын ичинде бир бала каза болду. Бороон жана нөшөрлөгөн жаан азыркы учурда борбор калаа Маскатка жетти. 

Жаандын тынбай жаашынан улам шаар көчөлөрү дарыяга айланган. Бул себептен бийлик 2 миң 700 тургунду эвакуациялады. Алар убактылуу баш калкалоочу жайларда турушууда. Жарандардын коопсуздугу үчүн борбор калаанын көчөлөрүндө ыкчам куткаруу кызматынын гана унааларында жүрүүгө уруксат берилген. 

Ал эми Аль-Курум районунда кырсыктардын алдын алуу үчүн электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп, авиа каттамдар токтотулду. Тропикалык циклон Индия жээгиндеги Араб деңизинде бир нече күн мурун пайда боло баштаган. Барган сайын күчөгөн бороон Перс булуңуна, андан кийин Оманга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына жеткен. Бул бороондон Иран мамлекети дагы жабыркап, 6 киши каза тапты.