Жаңылыктар
Италияда болгон зилзаладан 159 адам каза тапты
Кырсык
Италияда болгон зилзаладан 159 адам каза тапты

Италияда болуп өткөн зилзаладан каза тапкандардын саны 159га жетти. Дагы 368 адам жаракат алган. Италия бийлиги бул сандар акыркы маалымат эместигин билдирди. Урандылардын алдында калган дагы кишилер болушу мүмкүн.
Эске салсак, 24-август күнү таңга жуук Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары кыйроого учураган. Аматриче шаарынын жарымы кыйрап калган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Италиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун текшерип жатат. Болжолдуу маалыматтарга караганда жабыр таркандардын арасында мекендештерибиз жок.