Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү
Спорт
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. 

Жуманазарова өзүнүн салмагында алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү. 

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло медаль багындырды. Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.