Жаңылыктар
Кыргызстандагы ишканалар 7 айда 665 миң тонна көмүр казды
Экономика
Кыргызстандагы ишканалар 7 айда 665 миң тонна көмүр казды

Кыргызстандагы көмүр казган ишканалар, 2016-жылдын январынан июль айына чейин, 665 миң тонна көмүр казды. 

Бул тууралуу, “Кыргыз көмүр” ишканасынын техникалык директору Валерий Бобров билдирди. 

Бишкек жылуулук электр борборуна болсо быйыл 1 миллион 150 миң тонна көмүр керектелээри күтүлүүдө. Анын 450 миң тоннасы жергиликтүү көмүр болсо, калганы Казакстандан алынып келет. 

Мындан тышкары электр энергетикасы тармагында дагы кышка карата тиешелүү оңдоо жумуштары ишке ашууда.