Жаңылыктар
Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду
Спорт
Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду. 

Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова-Оряшкованы 10:0, чейрек финалда дагы ошондой эле эсеп менен орусиялык Марина Суровцеваны жеңген. 

Жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяеге 3:3 эсебинде жеңилген. Бул салмакта АКШ спортчусу Аделина Грэй дүйнө чемпиону болду. Ал эстониялык балбанды 6:4 эсебинде утту. Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан үч спортчу барган. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова бүгүн финалда күрөшөт.