Жаңылыктар
“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму” аталышындагы фестиваль өтүүдө
Маданият
“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму” аталышындагы фестиваль өтүүдө

“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму” аталышындагы фестиваль Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Анын алкагында кумдан жасалган түрдүү айкелдер тургузулду. Фестивалга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын скульптору чогулуп, “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну”, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, ошондой эле быйылкы “Тарых жана маданият” жылына арналган композицияларын жаратышууда. 

Фестиваль этно-концерт менен коштолуп, белгилүү эстрада жылдыздары, бий ансамблдери жана элдик фольклордук чыгармачыл топтордун өнөрү менен коштолот. Бул саамалык сентябрь айынын акырына чейин уланаары пландалган.