Жаңылыктар
Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча түрдүү иш-чаралар өтүүдө
Маданият
Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча түрдүү иш-чаралар өтүүдө

Кыргызстан эгемендүүлүктү алганына 25 жыл толду. Ага карата өлкө боюнча түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Бишкек шаарындагы Ленин району дагы элге жакшы маанай тартуулоо үчүн атайын майрам уюштурган. 

Бул иш-чарада көрүүчүлөр концертке жана райондун балдар чыгармачылык борборунун өспүрүмдөрү тарабынан даярдалган кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө күбө болушту. 

Андан тышкары иш-чарада ар түрдүү спорттук мелдештер уюштурулуп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.