Жаңылыктар
Жогорку Сот эки депутатты мандатынан ажыратты
Саясат
Жогорку Сот эки депутатты мандатынан ажыратты

Кечээ, Жогорку Сот "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган 15-январдагы Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Белгилей кетсек борбордук шайлоо комитети 11-январда бул эки депутаттын парламенттеги ишмердүүлүгүн токтоткон. Андан мурдараак "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев бул эки депутат мандаттан өздөрү баш тарткандыгы боюнча арыз жазганын айтып, 22-декабрда өткөн фракция жыйынында алардын өтүнүчү канааттандырылганын билдирген.

Бирок Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын жактоочулары "алар мандаттан баш тартпагандыгын билдиришти. Алар депутаттыкка талапкер болуп жаткан учурунда эле "Эгерде жетиштүү добуш топтой албай калса мандаттан баш тартышаары жөнүндө арыз жазышкан. Бул арыздар шайлоо күнүнө чейин жазылгандыктан юридикалык жактан алып караганда эч кандай күчкө ээ эмес" - деп белгилешти адвокаттар.

 Сот аларга кайра суроо узатып "Андай болсо эмне үчүн бул эки депутат арызында өздөрүн талапкер катары эмес, депутат катары көрсөтүшкөн деп тактады. Эксперттердин айтканына таянсак "мандат алуу же аны тапшыруу маселеси фракция ичиндеги макулдашуулардын жыйынтыгы болушу мүмкүн. Айрым депутаттар белгилүү бир убакытка чейин иштеп андан кийин мандатын тапшырып кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Депутаттарды мандатынан ажыратуу боюнча бул чечимди Жогорку сот дагы өлкөнүн мыйзамдары жол бергени үчүн чыгарды. Негизи ушундай түшүнбөстүктөр кийин кайталанбашы үчүн келечекте мындай мүчүлүштүктөрдү мыйзамга так жазуу керек" - деп белгилешет.