Жаңылыктар
Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин саны көбөйдү
Шайлоо 2023
Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин саны көбөйдү

Кечээтен бери бир мандаттуу округдарга талапкерлердин саны көбөйдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. 

Мыйзам боюнча, алар 13 –октябрга чейин талапкерлигин көрсөтүшү керек. Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү 18–октябрга белгиленген. Ал эми БШК каттоону 28-октябрга чейин бүтүрүшү керек. Бүгүнкү күндө бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттангандардын саны 128ге жетти. Эскерте кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтөт.