Жаңылыктар
Футзал боюнча дүйнө чемпионатын тейлеген биринчи кыргыз калысы Нурдин Букуев
Спорт
Футзал боюнча дүйнө чемпионатын тейлеген биринчи кыргыз калысы Нурдин Букуев

Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын төрт беттешин тейлеген дүйнөдөгү биринчи калыс болуп калды. Маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев билдирди. 

Анын жүрүшүндө кыргызстандык арбитрдын жетишкендиги жогору баалынып, бул жалпы кыргыз эли үчүн сыймык экени айтылды. Мындан сырткары ага ыраазычылык кат тапшырылып, салт боюнча ак калпак кийгизилди. Эскерте кетсек, Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатында финалдык беттештерди башкы калыс катары тейлегени жана койгон абсолюттук рекорду үчүн FIFA нын президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алган. Ал Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.