Жаңылыктар
“Чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула. Мүмкүн болбогон эч нерсе жок” - Мээрим Жуманазарова
Спорт
“Чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула. Мүмкүн болбогон эч нерсе жок” - Мээрим Жуманазарова

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта алтын медаль утуп алган Мээрим Жуманазарованын мелдештен кийинки кыскача маеги Дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылды. 

Жаш кыздарга кайрылган спортчу “чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула. Мүмкүн болбогон эч нерсе жок”, - деди. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованы көрүп шыктанарын жана машыктыруучусунун эмгеги зор экенин белгиледи. Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан.

2016-жылы кадеттер арасында дүйнө чемпионатында коло медаль алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында коло байге алган. Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык.

"Айсулуу эжеден үлгү алабыз, ал биздин команданын лидери. 2019-жылы Айсулуу эже чемпион болгондо аябай кубангам, мен анда жаракат алып катыша албай калгам. Жаш кыздарга бере турган кеңешим, чоң максаттарды коюп, ага жетишин, эч нерседен коркпошун каалайм. Баары колдон келет, колдон келбеген нерсе жок. Анан да машыктыруучусу жок мындай чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес. Биздин машыктыруучулар эң күчтүү жана мыкты",- деди кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөнүн чемпиону Мээрим Жуманазарова.