Жаңылыктар
31-августта Ала-Тоо аянтында аскердик парад өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
31-августта Ала-Тоо аянтында аскердик парад өтөт

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата 31-августта Ала-Тоо аянтында аскердик парад өтөт. Салтанаттуу иш чара эртең мененки 9да башталат. 

 Аскердик парадга эки миңден ашык аскерлер менен офицерлер катышат жана аскердик техниканын сексен түрү көрсөтүлөт. Борбордук аянттын, шаардын үстүнөн тик учмалар мамлекеттик тууну алып учат. 

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында эртең мененки 9.00дөн түшкү саат 12.00гө чейин абада тасмага түшүргөн дрон, квадрокоптерди колдонууга тыюу салынат. 

Себеби авиация учуп жаткан маалда абада тасмага түшүргөн аппараттар параддын катышуучулары менен көрүүчүлөргө кооптуу жагдай түзүшү ыктымал. Эгер аппараттар колдонула турган болсо укук коргоо органдары тарабынан алынат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118