Баткен шаарында 1200 орундуу орус тилдүү типтүү мектеп курулат. Бул билим уясы Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтеринин макулдашуусуна ылайык түптөлүүдө. Учурда шаардагы жалгыз гана орус тилдүү Жоомарт Бөкөнбаев мектебинде окуучулардын саны 3 эсе көп болуп, орун тартыштыгы бир канча жылдан бери орчундуу көйгөй болуп келет. Бир класста 54 окуучу билим алууга аргасыз. Андыктан орус тилдүү жаңы мектептин курулушу учур талабы.
Баткен шаарында балдарын орус тилдүү мектепке берүүгө кызыктар ата-энелер көп. Андыктан калаадагы орус тилдүү жалгыз мектеп, бардык каалоочуларды кабыл ала албай көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып келет. Ушул тапта 640 орундуу билим уясында 2 миңден ашуун окуучу билим алат.
Бул маселени жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтеринин макулдашуусуна ылайык курула турган 9 мектептин бирөө Баткен шаарына салынат. Учурда инвесторлор келип, долбоорду түзүүдө эске алына турган шарттар менен таанышууда.