Жаңылыктар
Ошто "Улут болсом, тилим менен улутмун" аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү
Маданият
Ошто "Улут болсом, тилим менен улутмун" аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү

Ошто "Улут болсом, тилим менен улутмун" аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Ал коомдук ишмер, көркөм окуунун чебери Раимжан Курбановдун 60 жашка, ал жетектеген “Кыргыз тили” коомунун түптөлгөндүгүнө 30 жыл жана мамлекетик тил күнүнө карата уюштурулду.

Курбанов жетектеген “Кыргыз тили” коомунун түзүлгөндүгүнө быйыл 30 жыл толду. Ишмердин 60 жаш курагына туш келген кош майрамга карата адабий -музыкалык кече өттү. Ага легендарлуу парламенттин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдаштары, студенттер жана жаш активисттер катышты. 

Чыгып сүйлөгөндөр, жаштарды мамлекеттик тилди билүүгө шыктандырганы үчүн Раимжан Курбановго ыраазычылыктарын билдиришти. 

Ааламдашуу же, көп тилдүүлүк өкүм сүргөн доордо эне тилге күйгөн жаштардын катары калың. Улукбек Омокеев, соцтармактарда “Кыргызча туура жазалы” тайпасы аркылуу жаштарды сабаттуулукка үндөп келет. 

Коомдук ишмер, көркөм окуунун чебери Раимжан Курбанов 1961-жылы Кара-Суу районунун Мөнөк айылында туулган. “Кыргыз тили” коомунун президенти.