Жаңылыктар
Бишкекте Казакстандын археологиялык табылгаларынын көргөзмөсү ачылды
Маданият
Бишкекте Казакстандын археологиялык табылгаларынын көргөзмөсү ачылды

Бишкекте Казакстандын маданият күндөрү уланууда. Борбордогу Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин жана Абылхан Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин археологиялык экспонаттары менен көркөм сүрөт өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Анда талаа цивилизациясынын жаратуучулары - "Алтын адам" сыяктуу атактуу археологиялык ачылыш жана Казакстандын көрүнүктүү сүрөтчүлөрү Айша Алимбаева, Абылхан Кастеев, Аубакир Исмаилов өңдүү таланттардын эмгектери тартууланды.

Казакстандын археологиялык жана көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышына келгендердин саны арбын болду. Себеби тарыхый экспонаттарды көрүүгө кызыккандар Казакстандын тарыхындагы эң атактуу археологиялык ачылыш болгон "Алтын адам" же Сак уруусунун жоокерин сүрөттөн, сыналгыдан же интернет желесинен көрүп келген болсо, бул жолу жакындан көрүп, жоокердин алтындан жасалган өзгөчө кийимине кызыгып, сүрөткө тушкөндөр көп. 

Негизи көргөзмөгө көчмөндөрдүн маданий салттарынын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар жана Казакстандын көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлду. 

Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейи Казакстанда эле эмес, Борбор Азиядагы байыркы жана эң ири музей болуп саналат. Эки кылымдык тарыхы бар музей ХІХ кылымдын 30-жылдарында түптөлө баштаган. Музейдин фондунда 300 миңге жакын экспонат болсо, бул ирет көрүүчүлөргө эң маанилүү делген тарыхый экспонаттар көрсөтүлдү.

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев өз сөзүндө казак элине кыргыздан өткөн жакын тууган жок экенин айтып, ортодо эки элдин ынтымагы бекемделип, маданий кызматташтык улана берерин билдирди. 

Иш-чаранын алкагында “Туран” казак фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти тартууланды. Белгилей кетсек, көргөзмөнү 14-октябрга чейин Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинен көрүүгө болот.