Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт
Спорт
Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. 

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек жарым финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгып, аны 2:0 эсебинде утуп алды. Ч

ейрек финалдык беттеште грузиялык балбан Ираклий Дзимистаришвилинин далысын жерге басып, жеңишти илип кетти. 

Шаршенбеков жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедовго караганда өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү. Атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.