Жаңылыктар
Кыргызстандык балбан кыздар Норвегиядан кайтып келишти
Спорт
Кыргызстандык балбан кыздар Норвегиядан кайтып келишти

Норвегияда күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчу кыздар кайтып келишти. 

Аларды 9-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунан күйөрмандары майрамдык маанайда тосуп алышты. 

Кыз-келиндер командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков кыздар башкаларга үлгү болгонун айтып, алдыдагы жылдарда олимпиадаларда ийгилик жараткандар көбөйөрүн билдирди. 

Дүйнөлүк чемпионатта кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байге алган.

Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алгандар азырынча - Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова. Айсулуу Токио олимпиадасынын күмүш, Мээрим коло медалынын ээси.