Жаңылыктар
Бир мандаттуу система: 171 талапкер
Шайлоо 2023
Бир мандаттуу система: 171 талапкер

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 9-октябрга карата 171ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. 

Кыргызстанда 36 округ бар, алардын ар биринен талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн. Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынат. 

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан болот. 

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.