Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева БУУнун Европа экономикалык комиссиянын аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен Женевада жолукту.
Кыргызпатенттен маалымдашкандай, жолугушууда тараптар IT технология, инновация тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашып, жыйынтыгында 2022-жылы ушул багытта эл аралык масштабда аймактык форум өткөрүүнү пландашты.