АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огу тийген кыргыз жаранынын өлүмү кылдат жана адилеттүү иликтенет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев менен байланышып, окуяны талкуулаганы расмий кабарланды. Элчи адилеттүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.
Дональд Лу жакын арада өлүм тууралуу расмий баяндама берилерин белгиледи. 5-октябрда Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полициянын огунан каза болгонун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы белгисиз.
Социалдык медиада тараган видеодо жүк ташуучу унаалардын арасында атышуу болгону көрүнөт. 28 жаштагы маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын документтерди даярдап жатат. Элчилик маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага тиешелүү жардам берилип жатканын министрликке кабарлаган.