Жаңылыктар
Кыргызстандын 25-жылдыгына карата Союзбек Салиев дүйнө жүзүн кыдырат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын 25-жылдыгына карата Союзбек Салиев дүйнө жүзүн кыдырат

 Мекендешибиз, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, учкуч Союзбек Салиев Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүп алып, бир моторлуу жеңил учагы менен жер жүзүн кыдырып келүү максатында бүгүн таңкы беште сапарга аттанып чыкты. 

Ааламды учак менен кыдырууну Союзбек Салиев он жылдан бери пландап келген. Аракети ишке ашып, саналуу сааттардан кийин дүйнө жүзүн кыдырып кетээрин ойлоп толкунданып турду.
 Учкучтун штурманы Литва өлкөсүнүн 72 жаштагы жараны Йонас Жукнус. Тажрыйбалуу учкучтун колдоосу Салиевге абдан керек. Анткени литвалык учкуч 2012-жылы жер шарын айланып учкан экен.

Ар бир жаран өзүнүн өлкөсүнө пайдалуу иш кылышы керек. Мындай оюн айткан Союзбек Салиев ааламды жөн эле кыдырбастан, премьер-министр тапшырган Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретип келет.
 Учак Ашхабадга бет алып, андан ары Сауд Аравиясына жөнөйт. Учкучтар Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын басып өтөт. Жалпы учуу миссиясы болжол менен элүү күнгө созулуп, бул убакыт аралыгында 20га жакын өлкөнүн аэродромуна конот.
Бир моторлуу жеңил учактын эки жагында тең көчмөндөр оюндарынын белгиси чапталган. Ошондуктан долбоор "Көчмөн кыргыз" деп аталат. Иш-чарага демөөрчү болгондордун бири коомдук биринчи канал.
 "Mooney Ovation-2" үлгүсүндөгү учак, эң ылдам жана жалгыз кыймылдаткыч менен узак аралыка учууга жөндөмдүү унаа. Бир жерден экинчи жерге барыш үчүн 4 миң чакырым аралыкты тыным албай уча алат.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118